четверг, 12 июня 2014 г.

РОМАНТИЗМДИН ДЕНЕГЕ ЗЫЯНДАРЫ


Күмөнсүз, Аллах адамдарга эч зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат. (Йунус Сүрөсү, 44)

Сезимталдык адамга руханий жактан кыйноо алып келген сыяктуу, денесине да олуттуу зыян берет. Булардын башында адам жашыра албаган, бүт адамдар көрө алган денесиндеги өзгөрүүлөр турат. Себеби руханий тынчсыздануулар, стресстер, кайгыруулар адамдын тышкы көрүнүшүнө да сөзсүз өз таасирин тийгизет. Жүзүндөгү булчуңдар, көздөрү, мимикалары, колдорунун кыймылдары, үн тондору андай адамдардын бүт тарабынан сезимталдык таасири астында экенин сездирет.
Сезимтал адамдарда «психосоматикалык» оорулардын, б.а. руханий проблемалар себеп болгон көйгөйлөрдүн баарын кездештирүүгө болот. Дененин иммунитети начарлап, алсыздайт. Натыйжада көп ооруларга чалдыгат же оорусунан айыгышы кечеңдейт.


Оорулардан тышкары, чачтардын түшүшү, агарышы, теринин нымынын кетип кургашы, калыңдашы, ийкемдүүлүгүн жоготуп тырышышы, жарылышы, мунун натыйжасында сырттан келчү ар кандай инфекцияга ачык болуп, клеткалардын жаңыланышы кечиккени үчүн теридеги бузулуулардын калып калышы, адамдын жүзүнүн саргайышы, көздөрдүн тунарышы сыяктуу дагы көптөгөн терс өзгөрүүлөр да болот. Ошондуктан бүт нерсени ойлоно берген, романтик, көп кайгырган адамдар эрте картайышат. Денелери көп жылдарга созулган, эртеден кечке уланган стрессти, сезимдик, руханий толкундоолорду көтөрө албайт. Мунун натыйжасында улгайуу белгилери даана көрүнүп, денеси картайат.

Сезимталдыктын адамдын денесине болгон зыяндары муну менен эле чектелбейт. Адамдын ичиндеги караңгылык менен кайгы жүзүнө жана кыймыл-аракеттерине да таасир тийгизгени үчүн бүт динамизми, энергиялуулугу, жашоо кубанычы, натыйжада адамдык сулуулугу маанилүү деңгээлде азайат. Көз-карашындагы боштук, көздөрүнүн кичирейиши, чачтарынын түшүшү же жансыздашы, жүз булчуңдары тартылганы үчүн жүзүн тырыш-бырыш капташы мындай өзгөрүүлөрдүн бир канчасы гана. Көңүлдүү, бейпил жашаган адамдардын стресстүү, көп кайгырган адамдарга караганда көбүрөөк жашашы, ден-соолугунун чыңыраак болоору көптөгөн илимий изилдөөлөр тарабынан тастыкталган.
Болгондо да, денелеринин ушундайча өзгөрүп жатканын көргөндө, бул дүйнөнүн убактылуу бир мекен экенин, өздөрүнүн канчалык алсыз экенин ойлоп, Аллахка моюн сунуп ыйман кылуунун ордуна, азаптуу жашоосун андан да күчөтүшөт. Улгайуунун, оорунун да аларга жакшылык алып келчү тараптарын байкай алышпагандыктан, алар да кайгыга, эч эстеринен кетпеген бир тынчсызданууга айланат. Мына ушундай бир туюк айлампа натыйжасында денелери да көтөрө албаган бир жүктүн астына киришет. Көп докторлор да көптөгөн оорулардын себеби кайгыруу, кыйынчылык, стресс дешет жана алардан кутулуунун бирден-бир жолу катары жогору маанайды жана кубанычтуу жашоону сунушташат.
Стресс жана депрессияга байланыштуу уйку жана тамактануу тартибинин бузулушу, кан басымы оорулары, ашказан, бөйрөк, жүрөк сыяктуу ички органдарда пайда болгон ар кандай оорулар, астма сыяктуу дем алуудагы проблемалар, аллергия, экзема, псориаз сыяктуу тери оорулары, мигрень, рак түрлөрү жана дагы көптөгөн оорулардын психологиялык фактордон келип чыгаары аныкталган. Дененин стресске болгон жообу натыйжасында денедеги биохимиялык реакциялар жана энергия коротуу максималдуу деңгээлге жетет. Мындай стресстик маанай үзгүлтүксүз уланганда болсо дене функциялары өзгөрүп, тең салмаксыздыктарга себеп болот.
Стресс себеп болгон оорулардан адистер төмөнкүчө сөз кылышат:
Стресс жана стресстен келип чыккан чыңалуу менен оору арасында маанилүү бир байланыш бар. Стресс себеп болгон чыңалуу тамырлардын тарайышына, баштын белгилүү аймактарына барчу кан агымынын бузулушуна жана ал аймакка барган кандын бир топко азайышына жол ачат. Ошондой эле, бир кыртыштын кансыз калышы түздөн-түз ооруга себеп болот. Себеби бир тараптан чыңалган бир кыртыштын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушу, экинчи тараптан, кыртышка ансыз да кан жетпей жатышы оору рецепторлоруна сигнал берет. Бир тараптан адреналин жана норадреналин сыяктуу стресс учурунда нерв системасына таасир берчү заттар да чыгарылат. Булар да түздөн-түз же кыйыр түрдө булчуңдардын чыңалуусун күчөтүп, ылдамдатат. Ошентип оору чыңалууга, чыңалуу тынчсызданууга, тынчсыздануу болсо оорунун күчөшүнө жол ачат.12
Ыйман кылбаган кишилерде депрессия, стресс, көңүл чөгүү натыйжасында эс-тутумдун начарлашы, оюн топтой албоо, туура эмес, логикасыз сөздөрдү сүйлөө, көздүн ж.б. тартышы, контрольсуз кыймыл-аракеттер кездешсе, ыймандуулар акыл жана руханий жактан өтө чың жана тең салмактуу болушат. Себеби чыныгы бейпилдикке, чыныгы кубанычка Аллахка моюн сунуу жана тобокел кылуу аркылуу гана жетүүгө болот. Ыймандуулар Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга моюн сунуп, тобокел кылып (таянып) жашаганы үчүн, дайыма кубанычтуу, бейпил болушат. Аллахтын бир жакшылыгы катары мындай эрте улгайуунун таасирлеринен корголушат.
Романтизм адамдарга алып келген чоң бир балээ болгон кайгыруу, көңүл чөгүү сезими ыйман менен келген тобокелдик жана кубаныч аркылуу гана жоголот. Аллах бейишке кирген ыймандуулардын төмөнкүчө Аллахка мактоо айтаарын билдирет:


«Бизден кайгыны кетирип жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 34)

12- Acar Baltafl, Zuhal Baltafl, Stres ve Bafla Ç›kma Yollar›, Remzi Kitabevi, Haziran 1997, s. 162 13- Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, s. 2

Комментариев нет:

Отправить комментарий